УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге эртең Германияда операция жасалат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Ташиевге эртең, 12-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чамасында операция жасалат.
Буга чейин Ташиев фейсбук баракчасында башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага чет өлкөдө дарыланып келүүсүн сунуштаганын жазган. Мындан улам Ташиевдин ден соолугуна байланыштуу 6-февралда өргүүгө чыккан. Кийин дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен.