• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ташкент Кабулга электр энергиясын экспорттоону кыскартты

24 Жетинин айы 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Талибдердин көзөмөлүндөгү «Брешно» энергетикалык компаниясы Өзбекстандан электр кубатын жеткирүү кыскаргандыктан, алар Тажикстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын билдирди.

Ушул тапта Өзбекстандан Ооганстанга жеткирилип жаткан электр энергиясы 430 МВттан 200 МВтка чейин кыскарган. «Брешно» компаниясы Өзбекстан техникалык себептерден улам көйгөй жаралганын айтып, маселени үч күндүн ичинде чечүүгө убада бергенин, бирок эч нерсе аткарыла электигин маалымдады.

Тажикстандын «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингинин өкүлдөрү «Озоди» радиосуна сүйлөшүүлөр жөнүндө маалыматка ээ эмес экенин билдирди.

Өзбекстандан электр энергиясын импорттоо кыскарганына байланыштуу Кабул жана Ооганстандын башка аймактарында жарык тартыш болууда. Бирок «Брешно» компаниясынын өкүлдөрү Тажикстандан электр энергиясын импорттоо менен Ооганстандын көптөгөн провинциялары эми электр кубатын кадыресе режимде алып жатканын айтышты.

Былтыр дагы Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстанга электр энергиясын берүүнү бир нече жолу токтоткон.

Количество просмотров: 192