• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ташкент-Ош-Анжиян жолунда кырсыктан 3 киши каза болуп, 38и жабыркады

27 Жетинин айы 202211:42 Бишкек Govori.TV

Ишемби күнү Анжиян облусунун аймагындагы Ташкент-Ош-Анжиян унаа жолунда Isuzu үлгүсүндөгү автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 3 адам жеринде каза болуп, 38 адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык эртең менен саат 8:10 чамасында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен.

«Ар кандай жаракаттарды алган 38 жүргүнчү Анжиян облусунун Бустан районунун медициналык бирикмесине жеткирилген. Алардын абалы Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө»-, деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 882