• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Ташкентте 9-майда майрамдык салют атылат

8 Бугу 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Ташкентте 9-майда “Жаңы Өзбекстан” сейил багында Эскерүү жана урматтоо күнүнө карата майрамдык салют атылат.

Өзбекстан президентинин жарлыгы менен тиешелүү иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында болот.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, мурда өлкөдө жашаган 6 миллион 551 миң адамдын 1 миллион 500 миңи фронтко жөнөтүлгөн деп эсептелинген. Кийинчерээк Өзбекстандан фронтко 1 миллион 951 миңдей адам тартылганы аныкталган.

Президенттин айтымында, буга чейин Экинчи дүйнөлүк согушта 396 миң өзбекстандык каза болгон деп белгиленген. Бирок жаңы документтер боюнча алардын саны 538 миңди түзөт. 158 миң өзбекстандык дайынсыз жоголгон.

Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан 120 миң өзбекстандык медалдар менен сыйланган.

Расмий маалымат боюнча согуш жылдарында Өзбекстанга 1,5 миллион адам эвакуацияланган, анын 250 миңи балдар болгон.

Количество просмотров: 57