• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Борбордо жаңы жылдык салют атылбайт

31 Бештин айы 20259:41 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстандын борборунда жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 31-декабрда саат 18:00дө «Ала-Тоо» борбордук аянтында ата мекендик артисттердин катышуусунда майрамдык концерт болот. Иш-чара фейерверк атуусуз өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жаңы жылдык салюттардан баш тартуу чакырыгы менен чыккан.

Количество просмотров: 143