• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ташкентте эки мектеп карантинге жабылды

17 Аяк оона 2020 9:45 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Шайхантахур районундагы №40 жана №262 мектептердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлаганын чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, мектептердин убактылуу жабылышына анда эмгектенген мугалимдерде коронавирус аныкталгандыгы себеп болгон.

«Мугалимдер менен ата-энелерди ашыкча тынчсызданбоого жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен адаттагыдай жашоо образын улантууга чакырабыз. Жабылган мектептер дезинфекциялык иштер аяктагандан кийин ишмердүүлүгүн кайра улантышат», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Элдик билим берүү министрлиги мектептердин ишин калыбына келтирүү тууралуу чечимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары гана кабыл аларын билдирген. Анда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун корутундусу эске алынары айтылган эле.

Количество просмотров: 112