• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ташкентте иликтөөчү журналист чылым чеккени үчүн айып пулга жыгылды

16 Үчтүн айы 2024 17:16 Бишкек Govori.TV

Ташкентте Nuz.uz сайтынын журналисти Михаил Довлатов журналисттик иликтөө жүргүзүп жатканда кармалып, чылым чеккени үчүн жоопкерчиликке тартылды.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги бул жагдайга укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.

«ЖМК өкүлдөрүн куугунтуктоо, алардын кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу сыяктуу жагдайлар басма сөз эркиндигин камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатка карама-каршы келет жана агенттик мамлекеттик органдардын кызматкерлерин маалымат жөнүндөгү мыйзамды жана журналисттердин ыйгарым укуктарын урматтого үндөйт», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

14-январда Nuz.uz сайтынын кабарчысы Михаил Довлатов Учтепа районунда жашаган жарандардын арызы боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жүргөн маалда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кеткенин билдирген.

Ал облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Журналисттин телефону жана жабдуулары алынган. Довлатов 5 саатка жакын бошотулбай, «коомдук жерде тамеки чеккени үчүн айып пулга жыгылганын» кабарлады.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 63