• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ташкентте прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

9 Бугу 2022 15:08 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда прокурордун жардамчысы 50 миң долларлык пара алып жаткан жеринен кармалганын 9-майда «Оздолик» өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, окуя 29-апрелде борбор калаа Ташкенттин Үчтепе районунда болгон, бирок расмий органдар бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Райондук прокурордун жардамчысын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөнү, атайын кызматка бетон завод иштеткен ишкер кайрылганы, андан пара талап кылып жатышканын айтып даттанганы кабарланды.

Үчтепе районунун прокурору Алишер Караев бул кызматка 2019-жылы дайындалган. «Озодликтин» жеке булактарынын маалыматы боюнча, ал президенттик администрациянын жетекчиси менен тууганчылык байланышы бар адам.

Количество просмотров: 205