• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташкентте өспүрүм кичинекей кыздарга ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө

6 Бугу 20238:48 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Чиланзар районундагы №230 бала бакчанын директору кызматтан алынды. Буга анын 15 жаштагы баласы бакчадагы төрт кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу маалымат себеп болду.

Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлиги директор «бакчанын аймагына чоочун адамдардын киришине жол берип, балдардын өмүрүн коркунучка кептегени, ички эмгек тартиптерин бузганы жана өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганы үчүн» кызматтан алынганын билдирди.

4-майда «Газета.uz» басылмасы аталган бакчанын директорунун уулу балдар уктап жаткан бөлмөгө кирип, төрт кызга ыдык көрсөткөнүн кабарлаган. Макалада бакчанын директору кыздардын жана алардын ата-энелеринин айыптоолорун четке кагып жатканы жазылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул окуяга байланыштуу,, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Количество просмотров: 247