• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ташкентте талибдердин катышуусунда Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтөт

25 Теке 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

25-26-июль күндөрү Ташкентте өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнүн делегациясы катышат деп күтүлүүдө.

«Талибандын» басма сөз катчысынын орун басары Хафиз Зия Ахмад жекшемби күнү Twitter баракчасына Ооганстан Ислам Эмиратынын делегациясы эл аралык конференцияга катышуу үчүн Өзбекстанга кеткенин жазды.

«Ооганстан Ислам Эмиратынын тышкы иштер министри Мавлави Амир Хан Муттаки баштаган өкмөттүк делегация өзбек тараптын чакыруусу менен Ооганстандагы коопсуздук жана өнүгүү боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн Ташкентке учуп кетти. Бул иш-чарага ондогон өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катышат деп күтүлүүдө», – деп жазды Ахмад.

Азырынча Ташкентке кайсыл өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын делегациялары келери расмий түрдө айтыла элек.

Күн мурун Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов Ташкентте Ооганстан боюнча конференция өтөрүн ырастап, анын максаты – «жаңы ооган өкмөтүн өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга көндүрүү» экенин айтты.

Ал арада айрым ооганстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары конференцияга «Талибан» радикал кыймылынын өкүлдөрүн да катыштыруу идеясын сынга алууда.

Эл аралык Amnesty International уюмунун укук коргоочусу Самира Хамидинин айтымында, каршылаштарына жана ЖМК өкүлдөрүнө карата жасап жаткан зомбулугуна карабастан талибдерди түрдүү жолугушууларга чакыруу менен дүйнө коомчулугу «Талибанга» Ооганстандагы бийлигин таанытууга мүмкүнчүлүк берип жатканын билдирди. Ал талибдердин катышуусунда конференция өткөрүүнү «уят демилге» деп атады.

«Талибандын» Ооганстанда бийликке келгенине дээрлик бир жыл болду. Азырынча дүйнөдөгү бир да өлкө талибдер түзгөн «Ооганстандын Ислам Эмиратын» тааный элек.

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катышкан Ооганстан боюнча алгачкы конференция быйыл январда Норвегиянын борбор шаарында өткөн. Анда иш-чарага АКШнын, Улуу Британиянын, Германиянын, Франциянын, Италиянын жана Европа биримдигиндеги бир нече өлкөнүн делегациялары, ошондой эле ооган жарандык активисттери катышкан. Конференция катышуучулары бул жолугушуу талибдердин Ооганстандагы бийлиги расмий таанылды дегенди билдирбей турганын белгилешкен. Жыйынтыктоочу документте батыш өлкөлөрүнүн негизги максаты – өлкөдөгү гуманитардык каатчылыктын алдын алуу экени жазылган.

Количество просмотров: 170