• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташкентте тез жардам кызматынын өкүлдөрүнө кол салуу болду

18 Тогуздун айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Мирабад районунда 22 жаштагы тургун чакырууга барган тез жардам кызматынын дарыгери менен айдоочусуна кол салды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 16-октябрь күнү кечке жакын Мирабад районунда эс-учун жоготуп, кансырап жаткан адамга жардам берүү өтүнүчү менен тез жардам кызматына телефон чалуу болгон.

«Жардамга барган дарыгер менен фельдшер М. А. аттуу жаран туруп, айланасындагы адамдарга жулунуп, өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн көргөн. Медиктер ага жардам берүүгө аракет кылган кезде аларды кубалап, тез жардам унаасын зыянга учураткан. Дарыгерлер милиция чакырышкан. Бирок укук коргоо кызматкерлери келгенге чейин М. А. аттуу жаран тез жардам кызматынын айдоочусун сабап салган», – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Айдоочу оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилип, нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын «мээси чайкалганын» жана «сол тизесиндеги жумшак ткандар жабыркаганын» билдиришти.

Кол салуудан жаракат алган тез жардам кызматынын дарыгери да ооруканага кайрылып, ага «курсактагы жумшак ткандардын жабыркашы» диагнозу коюлган.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы тез жардам кызматынын өкүлдөрүн кол салган жаранга карата «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын билдирди.

Өткөн жумада Ташкенттин Яккасарай районунда бейтаптын жакындары тез жардам кызматынын фельдшерине кол салганы кабарланган.

Количество просмотров: 106