• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы тез жардам унаалары келди

17 Тогуздун айы 202412:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаарында республиканын алыскы аймактарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чара эски аянтта республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

Министр белгилегендей, президенттик фонддон бөлүнгөн 20 тез жардам унаасын Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына өткөрүп берүү ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнүн оперативдүүлүгүн кыйла жогорулатат жана калк үчүн, өзгөчө алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочулары үчүн медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Количество просмотров: 191