• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ташкенттеги рейддин жүрүшүндө кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир өкүлү кармалды

7 Бештин айы 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Ташкентте укук коргоо органдарынын атайын операциясынын алкагында кылмыш дүйнөсүнүн Бузрук Бузруков аттуу өкүлү кармалды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бузруков Кылмыш кодексинин «Топ адамдар тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси боюнча шектелүүдө. Ал камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Ташкентте укук коргоо органдары декабрдын башынан бери криминалдык абалды жакшыртуу боюнча профилактикалык жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын алкагында кылмыш дүйнөсүндө «Сайидазиз медгородок» каймана ысым менен белгилүү Саидазиз Сайдалиев, «Бахти Ташкентский» атыккан кримтөбөл Бахтиёр Кудратуллаев жана Достон Халилов кармалган. Мындан тышкары Ферганада да кылмыштуу топтордун 20дан ашык мүчөсү кармалганы кабарланды.

Ага чейин Өзбекстандын укук коргоо органдары кылмыш дүйнөсүндө «Салимбай» жана «Салимбай байбача» деген каймана ысым менен таанымал 73 жаштагы ишкер Салим Абдувалиевди кармашкан. Ал «Мыйзамсыз курал-жарак сактоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Количество просмотров: 141