• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташкенттен Бишкекке каттамдар көбөйтүлдү

14 Теке 202210:27 Бишкек Govori.TV

Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

2022-жылдын июль айында «Ташкент-Бишкек-Ташкент» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат.

Эске салсак, бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.

Количество просмотров: 138