Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш боюнча алдын ала угуу 23-август, саат 15:30га белгиленген.
Эске салсак, Ташов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.
Ал 22-апрелде УКМК тарабынан кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.