• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Таштанбеков: 2000-жылдары эл мени диплому жок эле депутат кылып шайлаган

27 Чын куран 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

2000-жылдары эл мени диплому жок эле депутат кылып шайлаган. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

«Парламент депутаты деген бул элдин өкүлдөрү. Элден шайланып келип бийликти көзөмөлгө алып турушу керек эле. Бул мыйзам жузуучу эмес, мыйзамды кабыл алган орган. Союз маалында 70 жыл саанчы, пахтачы, чабан парламентте олтурганда коррупция деле жок эле. Ошондуктан менин оюмча бүгүн кеп дипломдо эмес. Кеп адамдын жүрөгүндө болуп жатат. Диплом бул экинчи жагы болуп, ал эми биринчи жагы адамдын өзүнүн тазалыгында болуусу керек. Таза адам бирок диплому жок болсо эмне үчүн ал депутат боло албайт», — деди депутат.

Таштанбеков кошумчалагандай, ал 2000-жылы жогорку билим жок парламентке депутат болуп келген.

«Мен 2002-жылы гана юрфакты бүтүп диплом алгам. Ошондо шайланып жатканда эл мени диплому жок эле шайлашкан», — дейт ал.

Количество просмотров: 351