• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Таштанбеков: «Бишкек-2 салыш керек»

4 Аяк оона 202414:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Бишкектеги унаа тыгындарын чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштады.

Депутат бул маселе бир топтон бери эле чоң көйгөй болуп келгенин белгилеп, негизги пландын жоктугу ушуга алып келгенин айтат.

«Кыргыздар ушунча байып кетет деп ойлогон эмеспиз да. 1 миллионго жакын машине жүрөт Бишкектин ичинде эле. Ошондуктан борборду тоо жакка көчүрүү керек, ошол жактан жаңы Бишкек-2 деген салып баштабасак, коммуникацияларды чагара баштабасак, көчөлөрдү кеңейткенге күчүбүз жетпейт», — деди депутат.

Количество просмотров: 149