• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Сиз пирожкини алыңыз, мен кофе алайын». Депутат Байсаловду районун кыдырып келүүгө чакырды

12 Жалган куран 202511:57 Бишкек Govori.TV

Депутат Акбөкөн Таштанбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду Ысык-Ата районуна барып, аймакты кыдырып чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Эдил, 2 жыл мурун апам картошка менен сонун пирожки жасайт, сизден кофе, районго барып келебиз” дедиңиз эле. Эки жылдан бери сизди күтүп отуруп көзүм көгөрдү. Баягыда министриңиз менен барып келдик, бирок “толк” чыкпады. Районго качан барып мектеп, бала бакчаларды көрүп келебиз? Ушул жумада кандай дейсиз? Сиз апаңыз жасаган пирожкини алыңыз, мен кофе алайын, районго барып келели”, — деди депутат.

Количество просмотров: 181