• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Таштанды үчүн коомдук иштерге тартуу сунушталды

4 Аяк оона 202415:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кызыктуу сунуш киргизди.

Ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине таштандыларды көрүнгөн жерге ыргыткан жарандарды коомдук иштерде иштетүүнү сунуштады. 

Анын айтымында, таштандыны туура эмес жерге таштаган бузуулар үчүн айып пулду көбөйтүү жыйынтык бербейт.

Депутат Бекешов министрликке таштандыны көрүнгөн жерге таштаган жарандарды коомдук жумуштарга тартууга жол ачкан мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуш кылды.

Количество просмотров: 83