• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тазабек Икрамов өкмөт мүчөлөрүнүн депутаттарга жасаган мамилесине нааразы болду

8 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өкмөт мүчөлөрүнүн депутаттарга жасаган мамилесине нааразы болду.

Анын айтымында, Министрлер кабинети эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сындарды туура кабыл алуу менен көтөрүлгөн маселелерди чечиши керек.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын эл шайлаган, биз калк менен тыгыз байланыштабыз. Бүгүнкү бийлик, өкмөт эл өкүлдөрүнүн үнүн угуп, тыгыз иштешсе мамлекеттин алдыга жылышына жардам болот. Эгерде эл шайлаган депутаттарды укпай, «кылыбыз кыйшайбайт» деген таризде кете турган болсо элде нааразычылык көбөйүп кетти. Ал эми депутаттар өзүнүн жеке маселесин айтып жаткан жери жок, жалпы элдин көйгөйү айтылат. Аны өкмөт туура түшүнүп, мамлекетти алдыга сүрөп кетүү мамлекеттик кызматкерлердин иши»,-деди депутат Тазабек Икрамов.

Количество просмотров: 1790