Кримчөйрө өкүлдөрүн шайлоого катыштырбоо сунушун колдойм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
Анын айтымында, өзүнө тың, спортчу жигиттерди кримчөйрөгө далилсиз аралаштыра берген туура эмес.
«Депутаттыкка, жергиликтүү кеңештердеги шайлоого, мамлекеттик кызматтарга бара жаткан адамдын соттолгондугу, туура эмес иштерге аралашканы далилденсе мындай сунушту колдойм. Бирок ошол эле учурда өзүнө тың, спортчу жигиттерди кримчөйрөгө далилсиз аралаштырып жатышат. Жөн эле жалган жалаа менен эртең өлкөгө пайдасын тийгизем дегендердин талабын чектеп койбош керек»,-деди Икрамов.
Белгилей кетсек, буга чейин Ички иштер министрлиги уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга тыюу салууну сунуштаган.