Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутат тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Тазабек Икрамов мандатынан ажырады. Мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өзү арыз жазган. БШК 19-июлдагы жыйынында Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты.
17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы тууралуу кабарланган. Бирок, кайсы иш боюнча экени маалымдала элек. Депутаттын өзү менен да байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.
Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак округунан шайланып келген.
Ал буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.
Акыркы мезгилде Тазабек Икрамов бир топ такшалып, маселени кабаргасынан коё баштаган. Анын мандатынан өз каалоосу менен баш тартышы коомчулукта түрдүү божомолдорду пайда кылууда.