• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тазабек Икрамов: Министр Бейшеналиев анчалык асманда жүрбөсүн

28 Чын куран 2021 12:35 Бишкек Govori.TV

 Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызмат ордун кароо керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жыйынында билдирди.

«Саламаттыкты сактоо министри коронавирустун жаңы түрү жана вакцина боюнча түшүндүрмө берсин деген маселени туура бир ай мурун көтөргөм. Андан бери комитет жыйындары өттү келген жок. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыксын дегенбиз бул сунушубуз да каралбай жатат. Ушул жерде отурган депутаттарды сыйлоо керек. Туура, аны президент колдоп жатыптыр. Бирок Жогорку Кеңешти сыйлабайбы? Президентке жакын адамдарды көргөнбүз. Буга чейин дагы жакын адамдар болгон. Алар каякта? Министр анчалык асманда жүрбөсүн», — деди Икрамов.

Количество просмотров: 95