• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тазабек Икрамов: Вакцинаны биринчи министрлик, өкмөт башчы менен депутаттар алышы керек

25 Жалган куран 2021 12:03 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт башчы анын орун басарлары алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 25-марттагы жыйында билдирди.

Депутат министрлик вакцина тууралуу толук түшүндүрмө берилишин талап кылды.

“Саламаттык сактоо министрлиги Жогорку Кеңешке келип эмдөө боюнча толук маалымат берсе жакшы болмок. Вакцинаны кайсы өлкөдөн алып жатат, баасы канча? Интернет булактарынан айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден соолугу начарлап, каза болгондор да катталууда. Вакцинаны элге берерден мурда, түз эфир аркылуу көрсөтүп, биринчи кезекте саламаттык сактоо министри, премьер-министр, анын орун басарлары, депутаттар алышы керек. Вакцина текшерилгенби, текшерилген эмеспи? Бизге келип, түшүндүрүп берсин”, — деди Икрамов

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү 29-мартта башталат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, тез жардамда иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы жасаган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Количество просмотров: 145