• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Тазалык» кайрадан Биринчи май районун катуу таштандыларды чыгаруу боюнча тейлейт

19 Баш оона 2022 15:21 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун аймагындагы катуу тиричилик таштандыларын чыгара баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери учурда таштанды көп топтолуп калган аймактарда иштеп жатышат. Муниципалдык ишкана тарабынан оңдолуп жаткан техникалар жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Учурда Биринчи май районундагы линияда 14 атайын техника иштөөдө.

Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында бул аймактагы катуу таштандыларды чыгарууну «Эко Проф» компаниясы жүргүзгөн.

«Тазалык» МИси Биринчи май районуна сынак өткөрүлгөнгө чейин тейлейт.

Количество просмотров: 157