Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасын жетектеген Султан Алыбаев кызматынан бошотулду.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалыматына ылайык, шаардыктардан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу көптөгөн арыз жана даттануулардан улам борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан алуу чечимин кабыл алган.
Кошумчалангандай, ишкананын жаңы директору болуп Касымов Нурлан Куйбулбекович, орун басары болуп Алдашкуров Марат Анарбекович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.