• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажибаева: Чек арадагы жаштарга колдоо көрсөткүм келет

5 Аяк оона 2022 11:05 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.

Баткен шаарынан келген 21 жаштагы Мадина Тажибаева төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Чек арадагы жаштар менен тыгыз иш алып барабыз. Бул жактан күчтүү айымдар менен таанышып, аларга моралдык колдоо көрсөткүм келет»,-деди ал.

Количество просмотров: 78