Белгилүү тажик банкиринин өлүмүнө айыпталгандардын чет өлкөгө качып кеткенине байланыштуу Душанбе аэропортунун бир нече кызматкери суракка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин башчысы Дилшод Сафарзода билдирди.
«Сурактын жүрүшүндө тергөөчүлөрдүн шектенүүлөрү ырасталган жок. Кызматкерлердин эч кимиси камакка алыган жок», – деди Сафарзода.
«Ориёнбанктын» төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевдин өлүмүнө Дилшод Саидмуродов баштаган топ айыпталууда. Аталган банкты президент Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозода жетектейт. Мамлекет башчынын кызы Зарина Рахмон банк төрагасынын орун басары кызматында иштейт.
2023-жылы июнда Дилшод Саидмуродов жетектеген кылмыштуу топ банкир Шухрат Исматуллоевди уурдап кетип, аны өлгүчө кыйнап, андан соң сууга ыргытып жиберишкен. Анын сөөгү дээрлик эки айдан кийин Зарафшон дарыясынан табылган.
Саидмуродов баштаган топ кылмыш жасалган күндүн эртеси Душанбе аэропортунан Москвага учуп кетишкен. Алардын айрымдары кийин Түркиянын жана Орусиянын аймагында кармалып, Тажикстанга алып келинген.
Ал арада Тажикстандын Жогорку сотунда Шахрат Исматуллоевдин өлүмүнө айыпталып кармалган 14 шектүүнүн иши боюнча сот процесси уланууда. Отурумдар жабык өтүп жаткандыктан, анын чоо-жайы белгисиз.