• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тажик бийлиги цемент экспортуна тыюу салды

18 Теке 2023 18:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстан 11-июлдан тарта цемент экспортун токтотту. Өлкөдөн курулуш материалдарын тышка чыгарууга тыюу салынганы тажик өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын жетекчисинин катынан кийин белгилүү болду.

«Озоди» радиосунун колуна тийген каттын көчүрмөсүндө цемент экспортун токтотуу чечими өкмөт тарабынан кабыл алынганы жана бул ички рынокту канааттандыруу зарылдыгына байланыштуу экени жазылган. Тажикстанда түстүү цементти кошпогондо, цементке болгон бардык ички керектөө ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыздалат. Бул курулуш материалы буга чейин коңшулаш Ооганстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга экспорттолуп келген.

Тажикстандын бийлиги цемент экспортун токтотуу чечимине түшүндүрмө бере элек. Соодагерлер өлкөдөн цементти экспорттоого тыюу салууну курулуштун көбөйүшүнө байланыштырууда. Өзгөчө Рогун ГЭСинде бул курулуш материалына болгон суроо-талаптын жогорулаганы белгиленет.

Учурда Тажикстанда цемент өндүрүү менен 16 ишкана алектенет.

Былтыр Тажикстанда 4 миллион тоннадан ашык цемент өндүрүлгөн. Статистикалык маалыматтарга ылайык, жыл сайын өндүрүлгөн цементтин жалпы көлөмүнүн 1,5 миллион тоннага жакыны коңшу өлкөлөргө – Өзбекстан менен Ооганстанга экспорттолот.

Количество просмотров: 129