• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чек арасыз кабарчылар» уюму тажик бийлигин камактагы журналисттерди бошотууга чакырды

29 Теке 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

«Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Without Borders) эл аралык уюму тажикстандык журналисттердин кармалганын айыптады. Укук коргоочулар муну маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү кампаниясынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Уюм 27-июлда жарыялаган билдирүүсүндө блогер жана журналисттер Абдулло (Авазмада) Гурбати, Далери Имомали, Завкибек Саидамини жана Абдусаттор Пирмухаммадзодага каршы козголгон иштерди «жасалма иштер» деп сыпаттап, бийликти аларды дароо кое берүүгө чакырды.

Уюмдун аймактык директору Жанна Кавальер белгилегендей, Тажикстан коомдогу кемчиликтердин, көгөйлөрдүн бетин ачкан журналисттерди кармоо тажрыйбасын токтотууга тийиш.

Жогоруда аты аталган журналисттер быйыл июнь-июль айларында түрдүү кылмыштар, анын ичинде Тажикстанда тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу айыптары менен кармалган. Алардын жакындары айыптоолорду «жок жерден ойлоп табылган иш» деп атоодо.

Тажик бийлигин журналисттер менен блогерлерди бошотууга буга чейин башка эл аралык уюмдар да чакырышкан. Расмий Душанбе ал үндөөлөрдү жоопсуз калтырган.

Количество просмотров: 121