• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажик элчилиги: Орусияда ОМОНдун аракетинен улам 10 тажикстандык жаракат алган

1 Кулжа 2023 10:54 Бишкек Govori.TV

ОМОН кызматкерлеринин Комсомольск-на-Амуре шаарындагы тажик студенттерине каршы акциясы учурунда он киши жаракат алган. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Студенттер жабыркагандар мындан көп экенин айтып жатышат.

19-майда Хабаровск облусунун Комсомольск-на-Амуре шаарындагы мамлекеттик университетте билим алып жаткан жүздөн ашык тажикстандык студентти ОМОН кызматкерлери сабап кетишкен. Студенттердин айтымында, отряд эч кандай эскертүүсүз жатаканага кирип, тажик студенттерин гана сабай баштаган.

30-майда Тажикстандын элчилиги Хабаровск облусунда дипломаттар менен студенттер жолугушканын маалымдаган.

Студенттердин «Озоди» радиосуна билдиргенине караганда, жабыркагандардын айрымдары элчиликтин өкүлдөрү менен жолугушууга барган эмес, анткени дипломаттар жолугушуу үчүн алардан «сакалдарын алууну» талап кылышкан.

«Студенттердин айрымдары жолугушууга баргандан коркуп жатышты. Сакалын албай барса кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экенин эскертишти. Жолугушууга бир нече гана студент катышкандыктан, элчилик аз эле адам жаракат алды деп ойлогон. Бирок чынында алардын саны көп», — деди студенттердин бири.

Комсомольск-на-Амуре шаарында болгон окуядан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Душанбедеги элчисин чакырткан. ТИМдин өкүлдөрү элчиге Орусиядагы кырдаалга тынчсызданып жатышканын айтып, бул окуяны акыйкат иликтөөнү өтүнүшкөн. Ушундай эле сунушту тажик акыйкатчысы да орус бийлигине берген.

Соңку кездери тажик мигранттары Орусиянын ар кайсы аймактарында байма-бай кармалууда. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары муну тажик мигранттарына каршы өнөктүктүн бир бөлүгү деп эсептешет. Орус бийлиги эмгек мигранттарына жасалган мындай басымдын себебин түшүндүрө элек.

Количество просмотров: 83