• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Тажик тарап Кыргызстандын чек ара заставаларына ок чыгарды

29 Чын куран 2021 20:15 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун “Головной” жергесинде абал курч бойдон калууда. Мындан мурда Исфара-Ворух унаа жолу Кыргызстандын жарандары тарабынан тосулган, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн.

Саат 14:05те “Головной” жергесинде тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда ок атышуу башталган. Ок атышуунун жүрүшүндө КРнын жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышты.

Андан кийин саат 17:00гө жакын тажик тарап “Капчыгай”, “Миң-Булак”, “Достук” чек ара бекеттерине, андан тышкары “Кожогар” жана “Булак-Башы” чек ара тозотторуна ок чыгарган. Минометтук атуунун жыйынтыгында Баткен чек ара отрядынын “Достук” бекетинин имараты өрттөнгөн.

Тажик күчтөрүнүн аракеттерине жооп катары Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын багыттагы отряды Тажикстан Республикасынын “Ходжа Аълло” чек ара бекетин басып алган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча эки тараптан тең кошумча күчтөр жана каражаттар тартылып жатат.

Количество просмотров: 318