• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажик журналисти бир айда экинчи ирет сабалды

29 Бугу 2020 18:42 Бишкек Govori.TV

Тажикстандагы «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин кабарчысы Абдулло Гурбатини 29-майда эртең менен кайрадан сабап кетишти. Хатлон облусунун Хуросон районунда катуу селден жабыркагандар тууралуу материал даярдап жүргөн журналистке белгисиз үч адам кол салган.

Гурбати жанына келгендерге журналист экенин айткан. «Кокусунан эле бирөө бетиме катуу уруп жиберди. Күтүүсүз соккудан жыгылып калдым. Ал адам мени ура берди», — деди журналист. Ал милицияга кайрылганын, кол салгандардын автоунаасын, номерин эстеп калганын кошумчалады.

Тажикстанда коронавирустан улам медициналык мекемелерде жаралган кыйынчылыктар тууралуу жазып жүргөн Абдулло Гурбатини 11-майдын кечинде да Дүйшөмбүдө сабап кетишкен.

Кесиптештери кол салууну Абдуллонун журналисттик ишмердигине байланыштырып, акыркы күндөрү аны коркуткандар көп болгонун белгилешти.

Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин 30-апрелде гана жарыялады. Андан кийин статистика коңшу өлкөлөргө салышырмалуу тез жогорулап, коронавирус жуктургандар 3,5 миңден ашты. Алардын 50гө жакыны көз жумду. Тажикстандагы көз каранды эмес журналисттер, медицина эксперттери өлкөдө COVID-19 илдети эрте жаздан бери эле жайылып жатканын эскертип келишкен.

Количество просмотров: 38