Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 2-майында Баткен чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара арасы аркылуу мыйзамсыз аракет (контрабандалык) жүктү алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жарандарын кармашкандыгын билдирет.
Кыргызстандын 1998-жылы туулган У.А., жана 1990-жылы туулган Ю.Х., атуу жарандары Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук жерлигинде өткөрүү жайынан сырткары жерден Тажикистандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз контрабандалык жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.
Чек арачылар VOLVO FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 20 тонна кургатылган жемиш (сухофрукты) табылган. Ошол эле учурда айдоочуда жүккө тиешелүү болгон эч кандай коштомо документтери болгон эмес.
Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң жүк жана кармалган жарандар мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.