• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жүздөгөн киши топтолду

30 Теке 2021 17:49 Бишкек Govori.TV

Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан «Фотехобод» («Ойбек») көзөмөл өткөрмө бекетинде Орусияга кетүүнү көздөгөн жүздөгөн киши чогулду. Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын жапкандан кийин көптөгөн тажикстандыктар Орусияга Өзбекстандын аймагы аркылуу кете башташты.

Маалыматка караганда, тажик чек арачылары коңшу өлкөгө өзбек жарандарын гана өткөргөндүктөн, чек арадан жүздөгөн киши топтолуп калган. Тажик бийлиги бул боюнча комментарий берген жок.

Ушул тапта жүк ташуучу унааларга Өзбекстан аймагынан тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат берилген. Мындан тышкары эки өлкө отосундагы каттамдар да белгиленген тартипте аткарылууда. Чогулгандар каражаттын тартыштыгынан Өзбекстанга учак менен бара албай жатышканын айтышууда.

Количество просмотров: 523