• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажик-өзбек чек арасында ок атышууда 17 адам каза тапты (сүрөт)

6 Жетинин айы 2019 14:16 Бишкек Govori.TV

Бет кап кийген, 20 адамдан турган куралчан топ тажик-өзбек чек арасына чабуул жасады. Бул тууралуу «Марал» радиосун сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь, түнкү саат 3:23 чамаларында куралчан топ чек-арадагы №4 «Ишкобод» аскердик бөлүмүнө чабуул жасаган. Чабуул Тажикстандын Рудаки районунда, Дүйшөмбү шаарынан 60 км алыстыкта, Өзбекстан чек арасына жакын аймакта орун алган.

Күч кызматкерлери тарабынан куралчан топтун 15и өлтүрүлүп, бешөөсү кармалды.Ок атышуу учурунда 1 чек-ара аскери жана 1 ИИМ кызматкери каза болгон. Жалпы каза болгондордун саны 17. Тажикстандын Ички иштер министри билдиргендей, кылмыш тобунун 4 унаасы жок кылынган,-деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде оперативдүү-изилдөө тобу түзүлүп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3397