• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Тажикстан: түрмөдөгү тополоңдон кийин анын жетекчиси камалды

16 Жетинин айы 201815:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Тажикстандын Хожент шаарындагы №3/3 түрмөдө чыккан тополоңго байланыштуу абактын жетекчиси Файзулло Сафарзод кызматтан алынып, камалды. Бул тууралуу 16-ноябрда өз булактар кабарлашты.
Алардын маалыматына караганда, кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана шалаакылыкка айыпталган Сафарзод тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Ал ортодо Согди облустук прокуратурасынан билдиришкендей, №3/3 абактагы окуяга байланыштуу «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок мекеме кызматкерлери бул боюнча тергөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүп жатканын билдирип, айыпталуучулардын аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.
8-ноябрга оогон түнү Хожент шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдо бейрасмий маалыматтар боюнча 50гө жакын адам, анын ичинде түрмөнүн эки кызматкери каза болгон. Абактын дагы алты жумушчусу учурда ооруканада. Тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу алган.
Количество просмотров: 36