• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстанда дагы бир журналистке айып тагылды

14 Жалган куран 2023 9:13 Бишкек Govori.TV

Камактагы тажик журналисти Хуршед Фозиловго Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакыруу айыбы тагылды. Жакындарынын айтымында, ал Хоженттеги абакта кармалууда.

Журналист күнөөлүү деп табылса, үч жылдан сегиз жылга чейин соттолушу мүмкүн.

“Агам айыптоолорго таптакыр макул эмес жана аны жалган жалаа деп эсептейт. Биз дагы Хуршед күнөөлүү эмес деп эсептейбиз”, — деп билдирген иниси Хушбахт Фозилов.

Хуршед Фозилов 6-мартта кармалган. Ал быйыл январдан бери келишим менен Пенжикент шаарынын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо башкармалыгында иштеп жаткан. Аймактык журналист жериликтүү жана чет элдик басылмалар менен кызматташып, Заравшан өрөөнүндөгү көйгөйлөрдү чагылдырып, аткаминерлерди сындап келген.

Былтыр тажикстанда жети журналист менен блогер 7 жылдан 21 жылга чейин соттолгон. Алар жалган маалымат таратууга, экстремисттик жана башка тыюу салыган уюмдар менен кызматташууга айыпталган. Журналисттер жана алардын жакындары айыптоолорду четке кагып келишет.

Количество просмотров: 85