• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда көз карандысыз телеканалдын директору бейбаштыкка айыпталып кармалды

28 Тогуздун айы 2022 13:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Пенжикент шаарында иш алып барган көз карандысыз «Ориённур» телеканалынын директору Сино Ниёзов бейбаштык айыбы менен кармалды.

Адвокат Наргис Азизкулованын айтымында, журналистке каршы кылмыш иши жергиликтүү ресторандагы мушташка байланыштуу козголгон. Анда өкмөтчүл «Авангард» аттуу жаштар уюмунун мурдагы активисти, Жаштар жана спорт иштери боюнча комитеттин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкери Бехзод Мухаммади жабыркаган.

Пенжикент шаардык прокуратурасы Сино Ниёзовго каршы «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун ырастады. Эгер журналист бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, Ниёзовго кылмыш иши Бехзод Мухаммади жазган арыздын негизинде козголгон. Ал 9-сентябрда Сино Ниёзов үч шериги менен аны «Мехр» ресторанынын жанында сабап, кийимине заара ушатканын жазган.

Адвокат Наргис Азизкулованын айтымында, Ниёзов айыптоолорду четке кагып, ошол эле маалда ресторанда Мухаммадини кокустан жөөлөп кеткенин мойнуна алууда.

«Мушташ кийин ресторандын короосунда болгон. Факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, ал ноябрдын ортосунда аяктайт. Анын жыйынтыгында күнөөлүү аныкталат», – деди адвокат.

26 жашташы Бехзод Мухаммади 2015-жылы Тажикстандын Ички иштер министрлиги түзгөн «Авангард» жаштар тобунун мурдагы активисти. Акыркы жылдары «Авангард» өлкө сыртында жүргөн оппозиция өкүлдөрүнө каршы иштеп, эл аралык уюмдарды Тажикстанда тыюу салынган партиялар менен кыймылдарды колдоодон баш тартууга үндөп келет.

Көз карандысыз «Ориённур» телеканалынын директорунун кармалышы Тажикстанда камакка алынган бир нече журналист менен блогердин иши боюнча сот отурумдары уланып жаткан маалга туура келди. Алардын айрымдарына карата узак мөөнөттөргө эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыкты.

Количество просмотров: 166