• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тажикстанда Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр кымбаттады

11 Жетинин айы 20249:17 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Кыргызстандан ташылып барган көмүр былтыркыга салыштырмалуу бери дегенде 30% кымбаттады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу ишкерлер берген маалыматка таянып кабарлады.

Ага ылайык, учурда кыргыз көмүрүнүн бир килограмы 4 сомони 30 дирамдан сатыла баштады. Былтыр болсо мындан бир сомониге арзан болгон. Учурда Кыргызстандан көмүр Тажикстанга Өзбекстан аркылуу ташылып жатат.

«Озодинин» билдиришинче, коңшу өлкөдө өздөрүндө өндүрүлгөн көмүргө караганда Кыргызстандыкы бааланат.

Количество просмотров: 198