• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тажикстанда окуучу кызга ыдык көрсөтүүгө айыпталган мектеп директорунун иши сотко өтөт

20 Теке 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда 16 жаштагы окуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталып жаткан мектеп директорунун иши боюнча тергөө дээрлик аяктады. Бул тууралуу «Озоди» радиосу Хатлон облустук ички иштер башкармалыгындагы өз булагына таянып кабарлады.

«62 жаштагы шектүүгө карата тергөө иштери быйыл июнь айында башталган. Азыр ал камакта. Ага каршы «Эрезеге жете электерге сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракетин жасоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери дээрлик аяктап калды, иш жакынкы күндөрү сотко өтөт деп күтүлүүдө», – деп билдирген булак.

Шектүү бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса жети жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын жакындары айыптар негизсиз экенин билдирүүдө.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Количество просмотров: 82