• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстанда оппозиционер Алим Шерзамоновдун агасы кармалды

14 Кулжа 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Хорог шаарында милиция Тоолуу Бадахшандагы нааразылыкты уюштурууга жана каржылай жардам көрсөтүүгө шектелген, Польшада жашаган оппозиционер Алим Шерзамоновдун агасы Муслим Шерзамоновду кармады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Муслим Шерзамонов менен кошо дагы тогуз киши кармалган. Бийлик анын үйүн тинтүү учурунда курал-жарак табылганын айтууда.

Оппозиционер Алим Шерзамонов агасы кандайдыр бир топко кошулбаганын, өлтүрүлгөн Мазоров жана Ражабов менен байланышы болбогонун билдирди.

14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда жана операцияда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды «деструктивдүү күчтөр» деп атап, аларга каршы «антитеррордук операция» өткөргөн. Анын жыйынтыгында 20дан ашуун киши өлгөн. 22-майда болсо Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарында аймактагы бейформал лидер деп мүнөздөлгөн Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнү маалым болду.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 119