• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстанда сексуалдык зомбулук үчүн жаза катаалдашты

24 Кулжа 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду. Ага ылайык, жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү үчүн жаза катаалдаштырылат.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстанда бачабаздар 25 жылга чейин түрмөгө кесилет. Мурда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө 7ден 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө түшүндүрмө берген юрист Дилшод Жураев сексуалдык зомбулук үчүн соттолгондор өмүр бою балдарга билим жана тарбия берүү мекемелеринде иштей албай турганын белгиледи.

Тажикстанда сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу талабы көптөн бери айтылып келет. Өзгөчө 8 жаштагы Руфейда Иноятова мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин активисттер кодексти тезинен өзгөртүүгө чакырышкан. Рудаки райоунун Навобад айылынын жашоочусу, 8 жаштагы Руфейда 2021-жылы 4-июлда өлтүрүлгөн. Кийинки күнү укук коргоо кызматкерлери анын зордукталган жана жиликтенген сөөгүн табышкан. Кылмышты 30 жаштагы Рахматулло Гадоев жасаган жана өмүр бою эркинен ажыратылган.

Тажикстандын Акыйкатчы кеңсесинин маалыматына караганда, 2019-2021-жылдар аралыгында жашы жете электерди зордуктаган 45 учур расмий катталган. Өлкөдө балдарды зордуктоо фактысы көп учурда алардын жакындары тарабынан жашырылып келет.

Количество просмотров: 262