• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстанда селден каза болгондордун саны 21 кишиге жетти

31 Баш оона 2023 10:59 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин куткаруучулары Варзоб дарыясынан сел агызып кеткен аялдын жана анын кичинекей баласынын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи билдирди.

«Вахдат шаарында жана Варзоб районунда жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы төрт кишинин сөөгү табылды. Алардын экөө эне-бала, сөөктөрүн Варзоб дарыясынан алып чыгышты», – деди басма сөз катчы.

Муну менен 28-августтагы табигый кырсыктын курмандыктарынын саны 21 кишиге жетти. Буга чейин бийлик Вахдат районунда селден каза болгон 17 кишинин сөөгү табылганын билдирген.

27-августтагы нөшөр Тажикстандын тогуз районунда селге, жер көчкүгө, таштардын кулашына алып келген. Топон суу ондогон турак жайды, жолдорду кыйратып, электр зымдары үзүлгөн. Душанбе шаарынын айрым райондору электр жарыгысыз, таза суусуз калган.

Жергиликтүү басылмалар селден кийин дайынсыз болуп жаткан тургундар да бар экенин жазууда. Маалыматка караганда, Пенжикент районунда 27-августта автоунаа менен Душанбеге кеткен ата-бала үч күндөн бери изделүүдө.

Количество просмотров: 144