• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Тажикстанда суюлтулган газ кымбаттап, тартыштык жаралды

26 Тогуздун айы 2023 10:15 Бишкек Govori.TV

Акыркы күндөрү Тажикстанда суюлтулган газдын баасы жогорулап, анын тартыштыгы жаралды. Өлкөдөгү автоунаалардын 60% күйүүчү майдын дал ушул түрү менен жүрөт.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө бир катар май куюучу жайларда, анын ичинде «Газпромнефть-Тажикстан» компаниясына таандык станцияларда суюлтулган газ жок болууда. Башкаларында литри 7-7,5 сомониден, бирок чектөөлөр менен сатылууда.

Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматы бул Казакстанда суюлтулган газды экспорттоого тыюу салынганына байланыштуу экенин билдирди.

Тажикстанда адатта күйүүчү майдын кымбатташы жол киренин, азык-түлүктүн жана башка товарлардын баасынын жогорулашына алып келет. Акыркы күндөрү өлкө базарларында ун менен өсүмдүк майы кыйла кымбаттаганы байкалууда.

Тажикстанга суюлтулган газ жеткирүү менен 14 компания алектенет. Алардын айрымдары өлкө президентинин жакындарына таандык экени айтылып келет. Расмий маалыматтар боюнча, бул компаниялар 2023-жылдын биринчи жарымында Тажикстанга 170 миң тоннага жакын газ жеткиришкен. Анын 90% жакыны Казакстанга туура келет. Калганы Өзбекстандан, Түркмөнстандан жана Орусиядан ташылат.

Жергиликтүү экономисттер күйүүчү май алып келүү менен алектенген компанияларга салык жана бажы жеңилдиктери берилиши керектигин, болбосо айрым компаниялардын монополиясынан улам калгандары ишин токтотууга аргасыз болорун билдирүүдө.

Количество просмотров: 91