• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Тажикстанда Ташиев менен Ятимов жолугушту

1 Бештин айы 2023 20:38 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Количество просмотров: 125