• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда терактка шектелгендердин жакындары суракка алынууда

27 Жалган куран 2024 9:05 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын күч кызматынын өкүлдөрү Москвадагы “Крокус cити” борборундагы кол салууга шек саналып камалгандардын жакындарын суракка алууда.

25-марттын кечинде Саидакрам Ражабализоданын Вахдатта жашаган тууганы “Озоди” радиосуна билдиргендей, “Дүйшөмбүгө анын апасын, инисин, аялын жана эки тууганын суракка алып кетишкен”.

Буга чейин дагы бир шектүү Фаридун Шамсиддиндин ата-энеси, аялы жана кайненеси да Дүйшөмбүдө суракка алынганы маалым болгон.

«Озоди» радиосу ишенимдүү булагына таянып, Тажикстанга шектүүлөрдүн жакындарын суракка алуу үчүн Орусиядан тергөөчүлөр тобу барганын жазды. Эки мамлекет тең бул тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми Орусиянын «РИА Новости» агенттиги тажик президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдөгү териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алганын жазды.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Москвада кол салууга шектүү катары кармалгандар тууралуу маалымат бере элек.

22-марттын кечинде камуфляж формасын кийген бир нече белгисиз адам “Крокус сити” борборундагы концерттик залда адамдарды туш келди аткылашкан. Андан кийин жарылуу болуп, өрт тутанган. Кандуу калабада соңку маалыматтар боюнча 139 кишинин өмүрү кыйылды, арасында үч бала бар. 180ден көп адам жабыркаганы кабарланды.

Федералдык коопсуздук кызматы 23-мартта калабага тиешеси бар делген 11 киши кармалганын билдирген. Кол салууну ишке ашырууга шек саналган төрт киши эки айга камалды. Алардын баары Тажикстандын жарандары экени маалым болгон. Сотко алар катуу кыйноо көргөн абалда алып келинген. Мындан тышкары шектүүлөр түшкөн машиненин акыркы ээси болуп катталган жаран, анын атасы менен иниси да эки айга камалды. Шектүүлөрдүн бирине батирин ижарага берген теги кыргызстандык Орусиянын жараны Алишер Касимов да 22-майга чейин камакка алынды. Расмий Москва кармалгандардын жарандыгы тууралуу расмий билдирүү тараткан жок.

Количество просмотров: 92