Тажикстандын Ички иштер министрлиги Согд облусунун Деваштич районунда 65 жаштагы эркек менен 63 жаштагы аялга кылмыш иши козголгонун билдирди.
Жубайлар Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин 2-бөлүгү, “өз жанын кыюуга жеткирүүгө” шектелүүдө. Алардын аты-жөнү жана камалган-камалбаганы айтылган жок.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, келин 17-ноябрда «өз үйүндө асынып алган». Текшерүүнүн жыйынтыгында кайната менен кайнене 33 жаштагы келинин 2021-жылдан ушул күнгө чейин кемсинтип, беделин түшүрүп келгени аныктаган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Тажикстан өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттин маалыматы боюнча, 2023-жылдын биринчи алты айында 109 аял суицид жасаган жана бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 учурга көп.
Өз жанын кыюуга жеткиргени үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча статистика жарыяланбайт. Бирок укук коргоо кызматкерлеринин жана прессанын маалыматына караганда, мындай учурлар көп.