• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда журналист Абдулло Гурбати 7,5 жылга соттолду

5 Тогуздун айы 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда 26 жаштагы журналист Абдулло Гурбати жети жарым жылга соттолду. Ал жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт.

Гурбати «Бийлик өкүлүн кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү» жана «Экстремисттик уюм менен кызматташуу» беренелери боюнча айыпталган.

Абдулло Гурбати күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү эмес экенин билдирген. 3-октябрдагы отурумда адвокат сотко далилдердин жетишсиздигин айтып, Гурбатини актоону жана сот залынан эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Гурбатинин апасы Гүлнора Шарифова соттун өкүмүн укпаганын, эгер судья ушундай чечим чыгарган болсо, ал адилетсиз экенин айтты. Анын билдиришинче, журналисттин жакындарын сот отурумуна чакырышкан эмес.

Журналист Абдулло Гурбатини Душанбе шаарынын Шомансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери быйыл 15-июнда кармап кетишкен. Бийлик аны аталган райондун милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабоого айыптаган. Кийинчерээк Тажикстан ИИМи журналист өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» менен кызматташканын билдирген.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери «Азия Плюс» агенттиги үчүн видеосюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал «Фейсбуктагы» баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турган.

Количество просмотров: 170