• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстандын кол салуусу: ИИМдин 4 жоокери курман болгон

19 Аяк оона 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын кол салуусунда КР ИИМдин Ички аскерлеринин төрт жоокери набыт болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгы жана өздүк курамы Баткен облусунун чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда курман болгон 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары: улук сержант Дурустун Каныбек уулу, кенже сержант Манас Баатырбеков, улук сержант Ачылбек Ташбеков, катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!” — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 266